-
эң төмөн KGS 20000
-
KGS
эң төмөн 22*%
-
-
Кредиттин суммасы: 20 000 сомдон 1 000 000 сомго чейин
-
Мөөнөтү: 3 айдан 60 айга чейин
-
Пайыздык чен: жылдык 22%дан баштап
-
Натыйжалуу пайыздык чен: 24,09%дан баштап
-
Кредит KyrSEFF программасынын алкагында энергияны үнөмдөөчү жана сууну үнөмдөөчү технологияларды ишке ашыруу үчүн берилет, анын ичинде:
-
• энергияны үнөмдөөчү терезелерди орнотуу, лоджияларды жана балкондорду айнектөө;
-
• дубалдарды, чатырларды жана полдорду жылуулоо;
-
• жылытуу жана муздатуу үчүн жылуулук насосторун орнотуу;
-
• абаны рекуперациялоо менен желдетүү системаларын орнотуу;
-
• энергияны үнөмдөөчү жарыктандырууну (LED) орнотуу;
-
• кондиционерлерди (A+ жана андан жогору класстагы сплит-системалар) орнотуу;
-
• күн системаларын (коллекторлор, фотоэлектр панелдери) орнотуу;
-
• сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү (аралаштыргычтар, душ насадкалары, үнөмдүү унитаздар, жаан суусун чогултуу системалары, тамчылатып сугаруу);
-
• A+ жана андан жогору класстагы муздаткыч жана тоңдургуч жабдууларын сатып алуу;
-
• KyrSEFF программасынын талаптарына ылайык турак жайдын энергия натыйжалуулугун жогорулатууга жана сууну үнөмдөөгө багытталган башка иш-чаралар.
-
Жабдуулардын жана иш-чаралардын толук тизмеси: www.kyrseff.kg
-
Кошумча артыкчылыктар
-
Кредитти тариздөө менен сиз төмөнкүлөрдү аласыз:
-
• акысыз техникалык колдоо;
-
• KyrSEFF программасынын адисинин консультациясы;
-
• энергия үнөмдөөчү иш-чаралар ийгиликтүү ишке ашырылган учурда инвестиция суммасынын 10%га чейинки грантын алуу мүмкүнчүлүгү.
-
Гранттын өлчөмү долбоордун түрүнө жана инвестициянын көлөмүнө жараша KyrSEFF программасынын адиси тарабынан жекече аныкталат.
-
Камсыздоо
-
Ийкемдүү мамиле. Камсыздоонун мүмкүн болгон түрлөрү: кепилдик, кыймылдуу же кыймылсыз мүлк.

Кредит алуу үчүн билдирме
Сизге да кызык болушу мүмкүн
Жанылыктар
-
Техникалык иштер боюнча билдирүү
Урматтуу кардарлар!
Сиздерге 2026-жылдын 30 июнунда саат 22:00дөн 22:30га чейин пландуу оңдоо иштери жүргүзүлөөрүн билдиребиз. Интернет-банкинг (веб версиясы), мобилдик колдонмо, KICB Business колдонмосу убактылуу иштебейт.
-
Ош жана Ыссык-Көл облустарында кардарларды тейлөө пункттарынын ачылышы жөнүндө
2026-жылдын 01-июлунан тартып кардарларды тейлөө боюнча жаңы пункттары төмөнкү даректерде ачылды:
- Ыссык-Көл облусу, Жети -Өгүз району, Кызыл-Суу а., Манас көчөсү, 99.
- Ош облусу, Кара-Суу районуб Мады а., Эгембердиев көчөсү, 24.
-
KICB бир миллион сомдун биринчи жеңүүчүсүн аныктады!
KICB банктын 25 жылдыгына арналган акциянын биринчи этабын жыйынтыктады. Жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземинде 10 000 сомдон акчалай сертификаттар менен бирге БИР МИЛЛИОН сом баш байгеси тапшырылды.

